back to home
Earthly
ClimateScience

The CSO 2024 is now live! Register here for the chance to win a sponsored trip to COP29. View details

background
Guessing Earthly

Климаттын өзгөрүшүн түшүнүү өтө татаал болбошу керек

Биздин окуя 2019-жылы, климаттын өзгөрүшүнө тынчсызданган, Кембридж университетинин эки жаш окумуштуусу, Эрик жана Исси менен башталды. Амазон токойлорунда өрт күчөп, Европада катуу ысык болуп, жана Индиянын ири аймактарын сел талкалап жатканын көрүшүп, алар иш оңунан чыкпай жатканын түшүнүшкөн. Климаттын өзгөрүшүнө каршы болгон адамдардын ой-пикирлери күчтөнүп, элдер көчөлөргө чыга башташты.

Табигый көйгөйлөрдү чечүүгө бел байлаган, Эрик жана Исси бул кырдаалдардан чыгууга кандайдыр бир чечимдерди табууга аракет кылып көрүштү. Алар интернеттен: "Климаттын өзгөрүшү көйгөйүн кантип чечсе болот?" - деп издеп көрүшүп, тилекке каршы, климат тууралуу тынчсыздангандан жана экологиялык таза өнүмдөрдүн жарнамаларынан башка эч нерсе таба алышкан эмес.

Белгилүү болгондой, Эрик менен Исси жалгыз эмес экен — жаштардын 95%ы климаттын өзгөрүшү тууралуу тынчсызданышат жана 70%ы алган билиминен күмөн санашат.

Анан бул нерсе аларды таң калтырган. Алар: «Эгерде биз рецензияланган журналдардын илимий стандарттарга ылайык, адамдарга климаттын өзгөрүшүн чечүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн анча чоң эмес көлөмдөгү маалыматты түзсөк эмне болот?» деп ойлонушкан.

Алар биргелешип климатология боюнча макалаларды изилдеп, аларды ClimateScience деген аталыш менен социалдык медиага ылайыктуу контентке айланта башташкан. Эки айдан кийин эле ClimateScience популярдуу болуп, Instagram'да катталуучулары 40 000ге чейин өскөн. Адамдар кантип жардам бергенге болот деп жеке каттарды жөнөтө башташкан. Кызыккан, боорукер жана жалындуу адамдардан турган команда тез эле өсүп, бардыгы климаттык билимди адамдардын баарына түшүнүктүү кылууга бел байлашкан.

Бир нече жылдан кийин ClimateScience дүйнөдөгү эң чоң климаттык билим берүү платформасына айланды! Биз климатты түшүнүүнү жана билим берүүнү жакшыртуу үчүн окутуу курстарын, видеолорду, ресурстарды жана куралдарды түзөбүз. Бул толугу менен акысыз жана каалаган уюлдук каражатта бир нече баскыч менен табууга болот.

Климаттык билим жакшыртылышы керек болгон жалгыз нерсе эмес, бирок биздин билим берүү системабыз алда канча жакшыраак болушу керек. Бизге кызыгууну, критикалык ой жүгүртүүнү, изилдөөнү жана үйрөнүүнү сыйлаган дүйнө керек. Адамдар өздөрүнүн каалоолорун изилдеп, максаттарына жетиши үчүн колдоо боло турган жер керек.

Биз бул маселелерди үстүртөн түшүнгөндүктөн, климаттын өзгөрүшүнө каршы адамдын көйгөйлөрдү чечүү потенциалынын бир бөлүгүн гана колдонуп күрөшүп жатабыз. Калган бөлүгүн ачыктасак эмне болот? Эгерде жапа чегүү азыраак жана мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк болгон дүйнөнү түзө алсак кандай болот?

Сапарыбыз ушул жерден башталат. Кыймылга кошулуңуз!

Колдоо көрсөткөн уюмдар

Earthly

We collect cookies only to improve our site, we don't sell or share data. Still, you can here. To learn more, please go through our Privacy & Cookie Policy.