CSO 2023 азыр ачык! COP28де Дубайга бекер саякат утуп алуу үчүн бул жерде катталыңыз. Көбүрөөк маалыматты караңыз
Биздин команда боорукер, көп кырдуу жана натыйжалуу. Биз биргелешип, билим аркылуу климаттын өзгөрүшү боюнча маселени чечүүгө жардам бергибиз келет.
Биздин Адилеттүү дүйнө климаттык курсунун жаңы чыгарылышын түзүүгө жана дүйнө жүзүнө климаттын өзгөрүшү боюнча билим берүүгө жардам бериңиз. Сиз түпнуска контентти жазып, текшерип чыгасыз, көп окуйсуз жана биздин командадагы башка контент эксперттери менен үзгүлтүксүз талкууларды жүргүзүп турасыз.
Илимий дисциплинадагы даража (климатка байланыштуу болгону артыкчылыктуу), Билим берүү же Илимий коммуникация, ошондой эле климаттык билимге болгон күчтүү кызыгуу. Татаал нерселерди жөнөкөйлөтүп айтуучу өзгөчө жөндөмү.
Сиз дүйнө жүзүнө климаттын өзгөрүшү боюнча билим берүүгө жардамдашып, ар бир адамдын түшүнүп, натыйжалуу иш-аракеттерди жасашын камсыз кылып жатасыз! Мындан тышкары, сиз укмуштуудай таланттуу жана боорукер командада иштейсиз жана, албетте, сиздин бардык салымыңыз платформабызда эсепке алынат.
Бул форманы толтуруңуз жана сизге мүмкүн болушунча тезирээк жооп беребиз же apply@climatescience.org дареги боюнча биз менен байланышыңыз.
Адилеттүү Дүйнөлүк Климат Курсунун акыркы чыгарылышын карап чыгууга жана дүйнөгө климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү максаттары жөнүндө айтып берүүгө жардам бериңиз. Биз ресурсубуздун ишенимдүү жана мындан ары да баары үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылуу үчүн, курсту долбоорлоодо жана андан кийинки процесстерде текшерип, сын-пикирлерди айтып турган эксперттик серепчилерди издеп жатабыз.
Илимий тармактагы аспирантура (климат жана/же ТӨМ менен байланышкан тармак), билим берүү же коммуникация илими ошондой эле климаттык билимге жана туруктуу өнүгүүгө болгон кызыгуу. Өзгөчө изилдөө көндүмдөрү талап кылынат.
Климаттын өзгөрүшү сыяктуу татаал темаларда өтө кеңири тараган туура эмес маалыматтардын, бир жактуу жана жаңылыш билдирүүлөрдүн алдын алуу менен, биздин билимиди ишенимдүү кылууга жардам бересиз. Мындан тышкары, сиз укмуштуудай таланттуу жана боорукер командада иштейсиз жана, албетте, сиздин бардык салымыңыз биздин платформада эсепке алынат.
Бул форманы толтуруңуз жана сизге мүмкүн болушунча тезирээк жооп беребиз же apply@climatescience.org дареги боюнча биз менен байланышыңыз.
ClimateScience курстары, мектептеги иш-чаралар, социалдык медиа контент, балдар китептери жана башкалар Эксперттер тарабынан дайыма каралып, жаңыртылып турат. Бул биз берген ресурстардын дүйнөнүн бардык жериндеги адамдар үчүн ишенимдүү жана жеткиликтүү болушун камсыздайт.
Илимий тармактагы аспирантура (климат жана/же ТӨМ менен байланышкан тармак), билим берүү же коммуникация илими ошондой эле климаттык билимге жана туруктуу өнүгүүгө болгон күчтүү кызыгуу. Өзгөчө изилдөө көндүмдөрү талап кылынат.
Климаттын өзгөрүшү сыяктуу татаал темаларда өтө кеңири тараган туура эмес маалыматтардын, бир жактуу жана жаңылыштык билдирүүлөрдүн алдын алуу менен, биздин билимибизди ишенимдүү кылууга жардам бересиз. Мындан тышкары, абдан таланттуу жана боорукер командада иштейсиз жана, албетте, сиздин бардык салымыңыз биздин платформада эсепке алынат
Бул форманы толтуруңуз, сизге мүмкүн болушунча тезирээк жооп беребиз же apply@climatescience.org дареги боюнча биз менен байланышыңыз.
Биздин социалдык медиа аккаунтубузга @climate_science жарыялана турган түпнуска контенти жазыңыз жана карап чыгыңыз да, көп окуп, контент тобу менен талкуулаңыз. Окуучулар үчүн пайдалуу каражаттар жана билим берүү ресурстары менен камсыз кылуу үчүн кызыктуу жаңы долбоорлордун үстүндө иштейсиз.
Илимий тармактагы даража (климатка байланыштуу болгону артыкчылыктуу), билим берүү же илимий коммуникация, ошондой эле климаттык билимге болгон кызыгуу. Татаал нерселерди жөнөкөйлөштүрүп айтууга өзгөчө жөндөмдүүлүк.
Сиз дүйнөгө климаттын өзгөрүшү жөнүндө билим берүүгө жардам берип, ар бир адамдын түшүнүп, натыйжалуу иш-аракеттерди жасай турганын камсыз кылып жатасыз! Мындан тышкары, сиз өзгөчө таланттуу жана боорукер командада иштейсиз жана, албетте, сиздин бардык салымыңыз биздин платформада эсепке алынат.
Бул форманы толтуруңуз, сизге мүмкүн болушунча тезирээк жооп беребиз же apply@climatescience.org дареги боюнча биз менен байланышыңыз.
Кооз постторду жана колдонуучунун интерфейсинин дизайнын же анимацияларды иллюстрациялоо.
Санарип искусство куралдары тууралуу тажрыйба жана билим. Сүрөтчүлөр жумасына 5 сааттан кем эмес ыктыярчы болуп, байланыш каналдарда активдүү болушу керек.
Сиз дүйнө жүзү боюнча укмуштуудай сүрөтчүлөр жана дизайнерлер командасы менен иштешип, кооздолгон жана анимацияланган посттор аркылуу климаттын өзгөрүшүн чечүүгө жардам бере аласыз.
Бул форманы толтуруңуз, биз сизге мүмкүн болушунча тезирээк жооп беребиз.
ClimateScience сайтында биз климаттын өзгөрүшү жөнүндө билим алууну ар бир тилде жеткиликтүү кылып жатабыз. Котормочу катары сиз тилдик тоскоолдуктарды жоюуга жардам берүү үчүн 29 өлкөдө иштеген 100дөн ашык күчтүү ыктыярчылардан турган командага кошуласыз. Атайын тил тобунун бир бөлүгү катары, сиз биздин ресурстарды англис тилинен каалаган тилиңизге которуп, текшере аласыз.
Англис тилин жана кошумча тилди (сиз которгон тилди) эне тил катары/эркин билүү. Котормочулар 3 ай бою жумасына 4 - 6 саат, эң жакшысы жумасына 7 - 10 саат иштеши керек, ошондой эле ишенимдүү жана өз алдынча иштеши керек.
Сиз миллиондогон адамдар үчүн климаттык билимди өз тилиңизде жеткиликтүү кылып бересиз, климаттын өзгөрүшүн чечүүгө жардам бересиз, ошондой эле жогорку сапаттагы илимий мазмунду которууга багыт бере турган укмуштуудай команда менен иштейсиз.
Бул форманы толтуруңуз, сизге мүмкүн болушунча тезирээк жооп беребиз же apply@climatescience.org дареги боюнча биз менен байланышыңыз.
Билим берүү климаттык аракеттенүүдө негизги ролду ойнойт. ClimateScience'де биз мектептер менен иштешебиз, иш-чараларды уюштурабыз жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен бөлүшүү үчүн башка уюмдар жана мекемелер менен кызматташабыз. Жетекчилик командасы коомчулук алдында коюлган амбициялуу жана шыктандыруучу максаттарга жетүү үчүн жооптуу.
ClimateScience лидерлери боорукердик жана командалык иш менен дүйнөдөгү эң чоң көйгөйлөрдү чечүүгө ынтызар. Эгер сиз команданы жана долбоорду башкарууга кызыксаңыз, бизге кошулуңуз жана 100 000 адам үчүн климаттык кыймылды түзүүгө жардам бериңиз!
Климатты өзгөртүү боюнча реалдуу, масштабдуу акцияга катышуу менен сиз өзүңүздү сынайсыз. Сиз дүйнө жүзү боюнча биздин кыймылды уюштурууга жана координациялоого жардам бересиз. Сиз дүйнөдөгү ар бир мектепке климаттык билимди жеткирүү миссиябызга кошуласыз жана жергиликтүү, аймактык, улуттук жана глобалдык деңгээлде өз салымыңызды кошосуз.
Бул форманы толтуруңуз, ошондо бизден жооп аласыз!
Сүйлөшүүлөрдү баштоо, климаттын өзгөрүүсүнүн чечимдери жөнүндө көбүрөөк билүү, эксклюзивдүү иш-чараларга катышуу жана коомчулуктарды туруктуураак кылуу үчүн жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу үчүн мектеп же университет менен иштешиңиз. Саамалыктар, иш-чаралар жана биздин жергиликтүү жана глобалдык ClimateScience коомдук топторубуз аркылуу климаттык көйгөйлөргө жана чечимдерге катышыңыз :)
Дүйнөдөгү эң чоң көйгөйлөрдү боорукердик жана командалык иш менен чечүүгө болгон ынтызарлык. Мектепте же университетте ClimateScience ийримин түзүүгө кызыкдар болуу. Ийримиңизди кантип кургуңуз келгенине жараша мөөнөттөр толугу менен сизге көз каранды.
Сиз климаттын өзгөрүүсүн чечүүгө жардам бересиз, айланаңыздагы адамдарга климаттык чечимдерди алып келесиз жана алардын сапарын коштоп жүрүү үчүн кызыккан адамдардын тобуна жетекчилик кыласыз. Биргелешип, биз дүйнөдөгү ар бир мектепке климаттык билим бере алабыз!
https://climatescience.org/clubs дарегине өтүңүз, биз сизге мүмкүн болушунча тезирээк жооп беребиз.
Эгерде сиз издеген нерсеңизди таппай жатсаңыз, apply@climatescience.org электрондук почтасына кат жөнөтүңүз жана кантип салым кошкуңуз келгенин бизге билдириңиз!